КЕРКИ-ДӨҢ
КЕРКИ-ДӨҢ – Ош обл-нун Араван р-нундагы кыштак. Төө-Моюн айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 645 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыш-нан 50 км түш.-батыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 50 км. Кыштак 1900-ж. негизделген. Калкы 1729 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, ФАП, клуб бар.