КЕРИМСЕЛ
КЕРИМСЕЛ (ар. керим – ысык, сел – агым; ысык агым) – жай мезгилинде болуучу кургак, ысык (20–25°С) жел. Мелүүн алкактын талаа ж-а жарым чөл зоналарына, айрыкча Каспий бою ойдуңуна ж-а Казакстанга мүнөздүү. Аба ырайынын антициклондук режиминде пайда болот.
Ылдамдыгы 5–20 м/сек, салыштырмалуу нымдуулугу 30%ке чейин. К. көбүнчө бир нече суткага чейин гана болуп, узакка созулбайт. Жогорку темп-ра ж-а абанын аз нымдуулугу жерг. аба массасынын трансформациясына алып келет. К. жүргөндө буулануу күчөп, топуракта ным жетишпегендиктен, а. ч-га чоң зыян келтирет. К. Кырг-ндын кургакчыл аймактарына да мүнөздүү.