КОЙ ТИКЕН
КОЙ ТИКЕН (Acanthophyllum) – өсүмдүктөрдүн чеге гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бадал, кээси көп жылдык чөп, жалбырагы тикендей, шибегедей учтуу, сабагына тушташ жайгашкан. Гүлү майда, желекчеси 5, аталыгы 10, энелиги 1. Топ гүлү – калканчадай же шыпыргыдай. Мөмөсү – кутуча. Түркмөнстанда ж-а Батыш Памирде бездүү К. т. кездешет. Кырг-нда 5 түрү өсөт. Тамырындагы сапонин тамак-аш ж-а жеңил ө. ж-нда жуугуч каражат катары пайдаланылат. Кырг-нда өскөн кадимки ж-а шыпыргыдай К. т. – көп жылдык камгак чөп. Шыпыргыдай К. т. сапониндүү, тамырынан самын алынат. Көп түрү – балдуу өсүмдүктөр.