КОВАЛЕВСКАЯ
КОВАЛЕ́ВСКАЯ Софья Васильевна [3(15).1.1850,
Москва – 29.1(10.2). 1891, Стокгольм] – орус
математиги, жазуучу ж-а публицист, аялдардан биринчи Петербург ИАга (1889) корр. мүчө болгон. К. ар тараптуу билим алган. Ошол мезгилде Петербург ун-тинде аялдар окууга укуксуз болгондуктан, белгилүү педагог А. Н. Страннолюбскийден математика б-ча өзүнчө окуган. Билимин өркүндөтүү үчүн Гейдельбергге (1869), андан Берлинге (1870) келген. Берлин ун-ти да билим алууга уруксат бербегендиктен, 4 жыл бою К. Вейерштрасстан сабак алган. 1974-ж. К-нын Вейерштрасс тарабынан көрсөтүлгөн үч эмгегине Гёттинген ун-ти сырттан философия илиминин докторлук наамын ыйгарган. К. Россияга (1874) кайтып келет, бирок 6 жыл бою Петербург ун-ти орун бербегендиктен, ил. иштерден четтеп, адабий-публ. ишмердик м-н алектенет. 1881-ж. Берлинге, андан Парижге, 1883-ж. Россияга келет. 1883-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Стокгольм (Швеция) ун-тинин приватдоценти, проф. (1884) болуп иштеген. 1888-ж.
«Катуу нерсенин кыймылсыз чекиттин тегерегинде айланышы ж-дө маселесине» Париж, Швеция ИАнын сыйлыктары тапшырылган.
К. – «Нигилистика» повестинин (1884), «Бакыт
үчүн күрөш» (1887) сыяктуу көптөгөн адабий чыгармалардын автору.
Ад.: Кочина П. Я. С. В. Ковалевская. М., 1981.