КОВАЛЕВСКАЯ
КОВАЛЕ́ВСКАЯВская Софья Васильевна [3(15).1.1850-жылы тулган, Москва – 29.1(10.2). 1891, Стокгольм] – орус математиги, жазуучу ж-а публицист, аялдардан биринчи Петербург ИАга (1889) корреспендент- мүчө болгон. Ковалевская ар тараптуу билим алган. Ошол мезгилде Петербург университетинде аялдар окууга укуксуз болгондуктан, белгилүү педагог А. Н. Страннолюбскийден математика боюнча өзүнчө окуган. Билимин өркүндөтүү үчүн Гейдельбергге (1869), андан Берлинге (1870) келген. Берлин университети да билим алууга уруксат бербегендиктен, 4 жыл бою К. Вейерштрасстан сабак алган. 1974-ж. Ковалевскаянын Вейерштрасс тарабынан көрсөтүлгөн үч эмгегине Гёттинген университети сырттан философия илиминин докторлук наамын ыйгарган. Ковалевская Россияга (1874) кайтып келет, бирок 6 жыл бою Петербург университети орун бербегендиктен, илимий иштерден четтеп, адабий-публистикалык ишмердик м-н алектенет. 1881-ж. Берлинге, андан Парижге, 1883-ж. Россияга келет. 1883-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Стокгольм (Швеция) университетинин приватдоценти, проф ессору (1884) болуп иштеген. 1888-ж. «Катуу нерсенин кыймылсыз чекиттин тегерегинде айланышы жонундө маселесине» Париж, Швеция ИАнын сыйлыктары тапшырылган.
Ковалевская – «Нигилистика» повестинин (1884), «Бакыт үчүн күрөш» (1887) сыяктуу көптөгөн адабий чыгармалардын автору.
Ад.: Кочина П. Я. С. В. Ковалевская. М., 1981.