КЁЛЬН
КЁЛЬН – Германиянын батышындагы шаар.
Түн. Рейн-Вестфалия жеринде (адм.-айм. бирдик). Рейн д-ндагы порт (жылына 15 млн т жүк ташылат). Калкы 1,0 млн (2010); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 4-шаар (Берлин, Гамбург ж-а Мюнхенден кийин). Ага жакын жайгашкан шаар-спутниктеринин калкы 2 млндон ашык. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Германиянын ири банктарынын штаб-квартиралары жайгашкан. Өлкөнүн соода-финансы борбору. Машина куруу (транспорт, а. ч., оор, электртех., радио-электроника ж. б.), нефть ажыратуу, нефть-хим., текстиль, парфюмерия, кагаз,
тамак-аш–татымал (сыр, ун, шоколад), тамеки
ө. ж. ишканалары иштейт. К. – дүйнөлүк маанидеги автомобиль ө. ж-нын борбору. Амер.
«Ford Motor Company» ж-а япониялык «Toyota Motor Corporation» автоконцерндеринин штабквартиралары, DAF, «Mazda», «Nissan», «Volvo» компанияларынын кеңселери жайгашкан. Метрополитен иштейт. Ун-ттер (а. и. Кёльн), китепканалар, тарыхый архив, 40тан ашык музей (а. и. көркөм кол өнөрчүлүк, Епархия, Вальраф-Рихарц-Людвиг, Кунстхалле, Чыгыш Азия
иск-восу ж. б.) бар. К. – Европанын муз. театр
борборлорунун бири. Бир нече театрлар (а. и. опера ж-а балет), Мамл. жогорку музыка мектеби, филармония, ири концерт залдары иштейт. Б. з. ч. 1-к-дан белгилүү. 785–1273-ж. архиепископтуктун борбору. О. кылымда Ганза мамлекетинин башкы шаарларынын бири болгон. 1475-ж. эркин империя шаар статусун алган. 1946-жылдан Түн. Рейн-Вестфалия жеринин курамында. Роман (10–13-к.) ж-а барокко
(17–18-к.) стилиндеги чиркөөлөр, готика стилиндеги собор (13–19-к.), ратуша (14–15-к.),
турак жайлар (13-к.), ренессанс стилиндеги цейхгауз (16–17-к.) сакталган. Эл аралык музыка фестивалдары ж-а бүткүл дүйнөгө белгилүү жармаңке-көргөзмөлөр өткөрүлүп турат. Ири парктар, зоопарк, «Флора» ботан. багы (экзотикалык өсүмдүктөр өстүрүлөт) уюштурулган.