«КИТАБ ал-БУДАН»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КИТАБ ал-БУДАН» («Элдер китеби») – тары­хый чыгарма. 891-ж. жазылган. Автору – Абу-л-Аббас Ахмед ал-Иакуби. Чыгармада ошол кездеги ири аймактар 4 тармакка бөлүнүп сүрөт­төлгөн. Китепте О. Азия м-н ортоңку ж-а жа­кынкы чыгыш элдеринин (Иран, Афганстан) тарыхый-геогр., этногр. саясий түзүлүшү баян­далган. Соода жолдору, эл жашаган жерлер м-н шаарлар тууралуу кеңири материалдар кам­тылган. Испиджаб, Шаш, Фараб, Тараз ж. б. шаар ж-дө да маалыматтар берилген.


Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская географическая литература. Избр. соч. Т. 4. М.; Л., 1957; Кумеков Б. Е. Государство кимаков IX–XI вв. по арабским источ­никам. А.-А., 1972.