«КИТАБ ал-БУДАН»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«КИТАБ ал-БУДАН» («Элдер китеби») – тарыхый чыгарма. 891-жылы жазылган. Автору – Абу-л-Аббас Ахмед ал-Иакуби. Чыгармада ошол кездеги ири аймактар 4 тармакка бөлүнүп сүрөттөлгөн. Китепте Орто Азия м-н ортоңку ж-а жакынкы чыгыш элдеринин (Иран, Афганстан) тарыхый-географиялык, этнографиялык саясий түзүлүшү баяндалган. Соода жолдору, эл жашаган жерлер м-н шаарлар тууралуу кеңири материалдар камтылган. Испиджаб, Шаш, Фараб, Тараз ж. б. шаарлар жөнүндө да маалыматтар берилген.
Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская географическая литература. Избр. соч. Т. 4. М.; Л., 1957; Кумеков Б. Е. Государство кимаков IX–XI вв. по арабским источникам. А.-А., 1972.