ИСТАМБЕКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:06, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСТАМБЕКОВ Аден Бекембаевич [3. 7. 1903, Жети-Суу облусу, Каракол уезди, Ичке-Жергез кыштагы (азыркы Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району) – 9. 1. 1939, Фрунзе] – аскердик ж-а коомдук иш­мер, подполковник, респ­нын алгачкы аскер комис­сары.

Ташкент аскер окуу жайындагы командирлерди даярдоочу атайын курсун (1922), Москвадагы аскер педагогикалык жогорку мектебин (1927), САГУнун тарых факультетин, Ле­нинграддагы аскер тактика­сын окутуучуларынын кур­сун, Москвадагы В. И. Ле­нин атындагы саясий академия­ны (1937) бүтүргөн. Ата-энеси м-н бирге 1906–13-жылдарда Иркутскиде сүргүндө болуп, кайтып келгенден кийин чиркөө мектебинен окуган. 1916-жылы Үркүндө Кытайга барып, 1917-жылы кайра келген. 1922–24-жылдарда 813- (өзгөчө) ротанын коман­диринин жардамчысы, командири, 1924–31-жылдарда Ташкенттеги В. И. Ленин атындагы жогорку аскер мектебинде взводдун командири, инструктор, со­гуш тактикасын үйрөтүү боюнча окутуучу, окуу бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы, партком­дун жооптуу секретары, 1931–32-жылдарда Орто Азия ас­кер округунун атчандар мектебинде окуу бөлү­мүнүн начальнигинин жардамчысы, 1932–33-жылдарда парткомдун жооптуу секретары, 1933–36-жылдарда ка­зак атчандар полкунун командиринин саясий иштер боюнча жардамчысы, 1936–37-жылдарда 53-кыргыз атчандар полкунун аскер комиссары, 1936–37-жылдарда Фергана тоо атчандар дивизиясынын саясий бөлүмүнүн башчысы, 1937-жылдын март айы­нан полктун командири болуп иштеген. Кыргызстан КП(б) БКнын мүчөсү, Фрунзе шаарко­мунун бюро мүчөсү (1937). 1937-жылы декабрда бур­жуазиялык улутчул деген жалаа м-н репрес­сияланып, 1939-жылы атылган. 1958-жылы толук ак­талган.