КЕҢДИК
КЕҢДИК – Жердин, Күндүн, Айдын, планеталардын бетиндеги ж-а асман чөйрөсүндөгү чекиттин абалын экваторго салыштырмалуу (эклиптика) аныктоочу геогр. координаталардын бири. Төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: aстр. К. – берилген чекиттен өтүүчү тик сызык м-н Жер экваторунун тегиздигинин аралыгындагы бурч; геод. К. – референц-эллипсоид бети м-н жер экваторунун тегиздигинин аралыгындагы бурч, карталарга жазылат. Астр. К. асман телолорун, ал эми геод. К. геод. өлчөөлөрдү (мис., триангуляция) жүргүзүү м-н аныкталат. Экватордон түндүктү ж-а түштүктү карай 0°тан 90°ка чейин эсептелинет. О. эле к. Географиялык координаталар, Асман координаталары.