КЕҢ-АРАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:15, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ-АРАЛ – Талас облусунун Бакай-Ата районун­дагы кыштак. Кең-Арал айыл округуна караш­туу. Деңиз деңгээлинен 1625 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Бакай-Ата кыштагынан 32 км чыгыш тарапта. Жамбыл (Казакстан) темир жол бе­кетинен 110 км. Кыштак 1928-жылы негизделген. Калкы 2940 (2008); негизинен дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, ФАП, клуб бар. Соода түйүндөрү, 2 те­гирмен, пилорама иштейт.