КЕҢ ФОРМАТТУУ КИНО
КЕҢ ФОРМАТТУУ КИНО́ – кинематографиянын эни 50–70 мм кино тасманы колдонуучу түрү.
Кең форматтуу кинонун кең экрандуу кинодон айырмасы ар бир кино кадрдын экрандагы өлчөмү жана аянты үч эсе чоңойтулуп көрсөтүлөт да, кино тасма экрандан так, даана көрүнөт. Кең форматтуу кино үчүн кино тартуучу, үн жазуучу, кино көрсөтүүчү жаңы форматтагы атайын аппараттар бар.