КЕРЕГЕ-ТАШ
КЕРЕГЕ-ТАШ – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Кереге-Таш айыл округуна караштуу. Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 1780 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Теплоключенка кыштагынан 3 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 235 км. Калкы 2350 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, 2 китепкана, бала бакча, медпункт, маданият үйү бар. Кыштакта академиктер Ж. Алышбаев ж-а М. Мамакеев туулган.