КЕРЕГЕ-ТАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРЕГЕ-ТАШ – Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нундагы кыштак. Кереге-Таш айыл округуна караштуу. Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, деңиз деңг. 1780 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Тепло­ключенка кыш-нан 3 км чыгыш тарапта. Ба­лыкчы т. ж. бекетинен 235 км. Калкы 2350 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мек­теп, 2 китепкана, бала бакча, медпункт, мад-т үйү бар. Кыштакта академиктер Ж. Алышбаев ж-а М. Мамакеев туулган.