ИВАНОВ Мстислав Борисович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:25, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИВА́НОВ Мстислав Борисович [03. 01. 1924, СССР, РСФСР (азыркы Россия Федерациясы), Кострома шаары) – 20, 04. 2014, Кыргыз республикасы, Бишкек шаары] – Даңк орденинин толук кавале­ри. Үй-бүлөсү менен Өзбек ССРинин Самарканд облусунун Катта-Коргон шаарына көчүп келип, ушул жерден мектепти аяктаган. Советтик Армиянын катарына 20. 09. 1942-жылы чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушта Воронеж, Талаа жана 2-Украин фронтторунда салгылашкан. Курск салгы­лашуусуна катышып, Украи­на, Румыния, Венгрия, Авст­рия ж-а Чехословакияны душмандан бошотушкан. Согуш майданында көрсөт­көн

эрдиги үчүн 3- ж-а 2-да­ражадагы Даңк ордендерин (1944, 1945) алууга татык­туу болгон. Загорск-Быст­рица (Украина) кыштагынын

жанында душмандын негизги күчүн калкала­ган отрядды талкалап, 69 гитлерчини туткунда­ганы үчүн 1946-жылы 15-майда 1-даражадагы Даңк орденин алган. Иванов 1950-жылы А. Навои атындагы Өзбек мамлекеттик университетин бүтүргөн соң, Кыргызстанга жиберил­ген. 1950–79-жылдарда Кыргыз ССР геология башкарма­лыгында инженер-геолог болуп эмгектенген. 3- даражадагы «Манас», Кызыл Жылдыз, 1-, 2- даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери м-н сыйланган.