КЕРГЕЛЕН-ГАУССБЕРГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРГЕЛЕ́Н-ГА́УССБЕРГ , К е р г е л е н – Инди океандын түштүгүндөгү суу астындагы кырка тоо. Антарктидага жакын, Африка-Антаркти­да ж-а Австралия-Антарктида чуңкурдуктары­нын аралыгында 2600 кмге созулуп жатат. Жа­зылыгы 950 кмге чейин. Океандын бетинен кырка тоонун кырына чейинки басымдуулук


кылган тереңдиги 1000–2000 м. Кырка тоонун чокулары суудан чыгып, аралдарды пайда кылат; алардын эң ирилери – Кергелен, Херд.
К.-Г. океан түбүнөн келки көтөрүлүп, айрым жерлерине жанартоо формалары мүнөздүү. Не­гизинен базальт тоо тектеринен түзүлгөн. Кыр­ка тоодогу жанартоо палеогенден баштап ара­кетте. Кырка тоону 1929–31-ж. Д. Моусон баш­таган Австралия экспедициясы ачкан.