КЕРГЕЛЕН-ГАУССБЕРГ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕРГЕЛЕ́Н-ГА́УССБЕРГ , К е р г е л е н – Инди океандын түштүгүндөгү суу астындагы кырка тоо. Антарктидага жакын, Африка-Антарктида ж-а Австралия-Антарктида чуңкурдуктарынын аралыгында 2600 кмге созулуп жатат. Жазылыгы 950 кмге чейин. Океандын бетинен кырка тоонун кырына чейинки басымдуулук кылган тереңдиги 1000–2000 м. Кырка тоонун чокулары суудан чыгып, аралдарды пайда кылат; алардын эң ирилери – Кергелен, Херд. Кергелен-Гауссберг океан түбүнөн келки көтөрүлүп, айрым жерлерине жанартоо формалары мүнөздүү. Негизинен базальт тоо тектеринен түзүлгөн. Кырка тоодогу жанартоо палеогенден баштап аракетте. Кырка тоону 1929–31-жылдарда Д. Моусон баштаган Австралия экспедициясы ачкан.