КЕРГЕЛЕН
КЕРГЕЛЕ́Н – Инди океанынын түш. бөлүгүндөгү архипелаг, Антарктикада. Франциянын ээлиги. Жанартоодон пайда болгон бир чоң (Кергелен) ж-а 300дөй майда аралдан турат. Платонун суу бетине чыгып турган бетин ээлейт. Жалпы аянты 7 миң км2дей. Туруктуу отурукташкан калкы жок. Бийикт. 1850 мге чейин. Климаты субантарктикалык, февралдын орт. темпрасы 7°С, июлдуку 0°С, жылдык жаан-чачыны 1000 ммдей. Батыш бөлүгүндө ири муздуктар (аянты 500 км2ге жеткен) бар. Дайыма катуу шамал болуп турат. Субантарктикалык суйдаң чөп өсүмдүктөрү өсөт. Порт-о-Франсе геофиз. станциясы 1950-жылдан иштейт. Архипелаг 1772-ж. аны ачкан француз деңиз саякатчысы И. Кергелен де Тремаректин ысмынан аталган.