КЕРГЕЛЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРГЕЛЕ́Н – Инди океанынын түштүк бөлүгүндөгү архипелаг, Антарктикада. Франциянын ээли­ги. Жанартоодон пайда болгон бир чоң (Керге­лен) ж-а 300дөй майда аралдан турат. Плато­нун суу бетине чыгып турган бетин ээлейт. Жал­пы аянты 7 миң км2дей. Туруктуу отурукташ­кан калкы жок. Бийиктиги 1850 мге чейин. Кли­маты субантарктикалык, февралдын орточо температу­расы 7°С, июлдуку 0°С, жылдык жаан-чачыны 1000 ммдей. Батыш бөлүгүндө ири муздуктар (аянты 500 км2ге жеткен) бар. Дайыма катуу шамал болуп турат. Субантарктикалык суйдаң чөп өсүмдүктөрү өсөт. Порт-о-Франсе геофизикалык станциясы 1950-жылдан иштейт. Архипелаг 1772-жылы аны ачкан француз деңиз саякатчысы И. Кергелен де Тремаректин ысмынан атал­ган.