КОЛМОГОРОВ Андрей Николаевич
КОЛМОГО́РОВ Андрей Николаевич [12 (25). 4. 1903, Тамбов – 20. 10. 1987, Москва]

– орус математиги, СССР ИАнын академиги (1939), Соц. Эмг. Баатыры (1963). Москва ун-тин бүтүргөн (1925). Ил. эмгегин чыныгы өзгөрмөлүү функциялар теориясынан баштаган. К. өлчөөлөр ж-а тригонометриялык катарлар, көптүктөр, интегралдар, функцияны жакындатуу теориялары б-ча маанилүү эмгектер жазган. К. матем. ыкмалардын биология м-н тил илиминде колдонулушун изилдеген, о. эле ыктымалдык теориясым-нфункциялартеориясынизилдөөчүлөр мектебин түзгөн. Ал Париж ИАнын, Лондон королдук коомунун ж. б. чет элдик академиялардын (Нидерланд, Польша, Румыния, АКШ), ил. мекемелер м-н коомдордун чет элдик мүчөсү. Эл аралык Больцано (1963), СССР мамл. (1941) ж-а Лениндик сыйл. (1965) лауреаты. 7 Ленин ордени м-н сыйланган.
Ад.: А. Н. Колмогоров в воспоминаниях учеников.
М., 2006.