КЫЗЫЛ-ТУУ ЧОПО КЕНИ
КЫЗЫЛ-ТУУ ЧОПО КЕНИ Чүй обл-нун Сокулук р-нунда. Кызыл-Туу кыш-нан 0,5 км түштүктө, деңиз деңг. 970–1100 м бийиктикте, Жыламыш суусунун оң жээгинде жайгашкан. 1992-ж. чалгындалган. Кен аянты төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон кумайлуу чопо катмарынан түзүлгөн. «100», «125» маркадагы кыш алууга жарамдуу. Запасы В категориясы б-ча 314 миң м3, С –1296 миң м3, В+С –1610 миң м3