КЫЗЫЛ-ТУУ ЧОПО КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗЫЛ-ТУУ ЧОПО КЕНИ Чүй облусунун Сокулук районунда. Кызыл-Туу кыштагынан 0,5 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 970–1100 м бийиктикте, Жыламыш суусунун оң жээгинде жайгашкан. 1992-жылы чалгындалган. Кен аянты төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон кумайлуу чопо катмарынан түзүлгөн. «100», «125» маркадагы кыш алууга жарамдуу. Запасы В категориясы боюнча 314 миң м3, С –1296 миң м3, В+С –1610 миң м3