КЕПТЕШ
КЕПТЕШ – өрөөндүн же капчыгайдын эки тарабы кууш, тар жери. Дөңсөөлүү аймактарда ж-а түздүктөрдө жаан-чачын сууларынын эрозиясынан пайда болот. Капталдары жантайыңкы келип, акырындап жайык, бир аз күдүрлүү таманга өтөт. Кырг-нда К-тер арбын, Ат-Башы кептеши, Көкөмерен кептеши ж. б.