КЕПТЕШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕПТЕШ – өрөөндүн же капчыгайдын эки та­рабы кууш, тар жери. Дөңсөөлүү аймактарда ж-а түздүктөрдө жаан-чачын сууларынын эро­зиясынан пайда болот. Капталдары жантайың­кы келип, акырындап жайык, бир аз күдүрлүү таманга өтөт. Кыргызстанда кептештер арбын, Ат-Башы кептеши, Көкөмерен кептеши ж. б.