КЫЛА КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЛА КӨРҮСТӨНҮ – эрте темир дооруна таандык археол. эстелик. Соң-Көлдүн түш.-батыш тарабында Кыла жергесинде жайгашкан. Бийикт. 4 м, диаметри 50–60 м тектүү адам көмүлгөн эрте темир дооруна таандык көрүстөн ж-а коргончо. Коргончонун бурчуна эки таш мамы орнотулган. Мамынын бирине кеч коло, эрте темир дооруна таандык бугу таштарына мүнөздүү тегерекче чегилген.