КЫЛА КӨРҮСТӨНҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЛА КӨРҮСТӨНҮ – эрте темир дооруна таандык археологиялык эстелик. Соң-Көлдүн түштүк-батыш тарабында Кыла жергесинде жайгашкан. Бийиктиги 4 м, диаметри 50–60 м тектүү адам көмүлгөн эрте темир дооруна таандык көрүстөн жана коргончо. Коргончонун бурчуна эки таш мамы орнотулган. Мамынын бирине кеч коло, эрте темир дооруна таандык бугу таштарына мүнөздүү тегерекче чегилген.