КЫЙШЫК МОЮН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЙШЫК МОЮН , к ы л ж ы р – моюндун бир тарабындагы булчуңдардын тартылышынын, моюн омурткаларынын кыйшайышынын ж-а оорусунун кесепетинен моюндун жантык абалы. Ал көбүнчө тубаса, баланын жатында туу­ра эмес өсүшүнөн, төрөт кыйын болгон учурда баланын моюн ткандарынын кокусташынан, о. эле күйүктөн, жарааттан ж. б. тырыктардын тартылып калышынан болот. Моюн булчуңу жабыркаган жакка баш кыйшайып, ээк көтөрүңкү болуп, карама-каршы тарапка бурулат. Тубаса К. м. бала төрөлгөндө эле билинет. Дарылоо эрте башталбаса, акырындап моюн омурткалары, бет кыйшаят. Ошондуктан анын белгилери билинер замат врачка кайрылуу керек. Анын көрсөтмөсү м-н укалоо, дарылоо көнүгүүлөрүн жасаса болот (биринчи ирет врачтын көзөмөлүндө жасалат). Дарылоо мезгилинде баланы уктатканда башын соо жагына оодара жаткыруу зарыл. Хирург. жол м-н да дарылайт.