КЫЗЫЛЧА СУЮЛТКУЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛЧА СУЮЛТКУЧ – кант кызылчасын жөөк бойлой суюлтуп, топуракты жумшартуучу ж-а отоо чөптөрдү жок кылуучу машина. Мурда СССРде УСМП-5,4 ж-а ПСА-2,7 маркасындагы К. с-тар чыгарылган, ЮМЗ-6АЛ/АМ, МТЗ-80/82 ж. б. тракторлоруна чиркелген. УСМП-5,4 К. с-чу 12 (жөөк аралыгы 45 см) ж-а 8 (жөөк аралыгы 60 см) жөөктөгү кызылчаны суюлтат. Негизги тетиктери: рама, кызылча суюлтуучу фреза, тракторго чиркелчү механизм, таяныч дөңгөлөк. Кызылча суюлтуучу секциялары рамага асма аркылуу биригет. Бычагы (уз. 50 мм) таяныч кыймылдаткыч дөңгөлөктөн конус редуктор аркылуу кыймылга келет (ай­ланат). Суюлтуучу фреза агрегаттын жүрүү ба­гытына 40° бурч б-ча жайгашат. Ар бир фрезага 6дан 18ге чейин бычак орнотулуп, алар дискте бир, эки же үчтөн жайгаштырылат. Бычактын топуракка терең же тайыз кириши бурамалуу механизм аркылуу жөнгө салынат. Саатына 3,5 га жердеги кызылчаны суюлтат.