КЫЗЫЛЧА СУЮЛТКУЧ
КЫЗЫЛЧА СУЮЛТКУЧ – кант кызылчасын жөөк бойлой суюлтуп, топуракты жумшартуучу ж-а отоо чөптөрдү жок кылуучу машина. Мурда СССРде УСМП-5,4 ж-а ПСА-2,7 маркасындагы К. с-тар чыгарылган, ЮМЗ-6АЛ/АМ, МТЗ-80/82 ж. б. тракторлоруна чиркелген. УСМП-5,4 К. с-чу 12 (жөөк аралыгы 45 см) ж-а 8 (жөөк аралыгы 60 см) жөөктөгү кызылчаны суюлтат. Негизги тетиктери: рама, кызылча суюлтуучу фреза, тракторго чиркелчү механизм, таяныч дөңгөлөк. Кызылча суюлтуучу секциялары рамага асма аркылуу биригет. Бычагы (уз. 50 мм) таяныч кыймылдаткыч дөңгөлөктөн конус редуктор аркылуу кыймылга келет (айланат). Суюлтуучу фреза агрегаттын жүрүү багытына 40° бурч б-ча жайгашат. Ар бир фрезага 6дан 18ге чейин бычак орнотулуп, алар дискте бир, эки же үчтөн жайгаштырылат. Бычактын топуракка терең же тайыз кириши бурамалуу механизм аркылуу жөнгө салынат. Саатына 3,5 га жердеги кызылчаны суюлтат.