КЫЗГАЛДАК
КЫЗГАЛДАК (Roemeria) – өсүмдүктөрдүн апийимдер тукумундагы уруусу. Бир жылдык чөп, бийикт. 30–50 см, канаттай жалбырагы кезек тешип жайгашкан.
Гүлү сабактын учунда бирден жайгашкан,

эки жыныстуу, аталыгы көп, энелиги бирөө. Желекчелери 4, өңү ачык же көгүш кызыл, негизи кара темгилдүү. Мөмөсү – саадакчадай кутуча, уругу көп. Быша элек кутучасынын ширеси сары, коюу. К-тын эки түрү (ийилген К., аргын К.) Жуңгар-Кашкарда, Иранда, Жер Ортолук деңиз жээгинде кездешет. Кырг-нда бул эки түрү тең эски аңызда, жол боюнда, тоо этегиндеги кургак боздоңдо, айдоодо өсөт. Кооздук үчүн парктарда өстүрсө болот. Курамында эфедрин, ремерин ж. б. алколоиддер бар, мал жебейт.