КЫДЫРААЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫДЫРААЛЫ уулу Алагуш (1897, азыркы Ысык-Көл обл., Тоң р-ну, Ак-Сай айылы – 1944, ошол эле жер) – белгилүү комузчу, 1936-ж. Фрунзеде өткөн 1-респ. эл чыг-лыгынын олимпиадасынын жеңүүчүсү. Атасы ажы болгондуктан, фи­лармонияга иштөөгө алынбай калган. К. Оро­зов, М. Күрөңкөев, Ы. Туманов ж. б. комузчу­лар м-н таанышып, алар м-н көзү өткөнгө че­йин карым-катышта, байланышта болгон. Эл­дик салт күүлөр «Камбаркан», «Ботой», «Кер­без», «Шыңгырама» ж. б. чертүү м-н, өзү да «Алагуштун камбаркан», «Алагуштун ботою», «Алагуштун кербези», «Алагуштун күүсү» ж. б. ондогон күүлөрдү чыгарган. «Алагуштун терме­си» аттуу күүсү Ы. Тумановдун аткаруусунда КРдин коомдук телерадиокорпорациясынын алтын казынасына жазылган ж-а кыргыз музыкасынын антологиясына кирген.