КЫДЫРААЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫДЫРААЛЫ уулу Алагуш (1897, азыркы Ысык-Көл облусу, Тоң району, Ак-Сай айылы – 1944, ошол эле жер) – белгилүү комузчу, 1936-жылы Фрунзеде өткөн 1-республикалык эл чыгармачылыгынын олимпиадасынын жеңүүчүсү. Атасы ажы болгондуктан, фи­лармонияга иштөөгө алынбай калган. К. Оро­зов, М. Күрөңкөев, Ы. Туманов жана башка комузчу­лар менен таанышып, алар менен көзү өткөнгө че­йин карым-катышта, байланышта болгон. Эл­дик салттуу күүлөр «Камбаркан», «Ботой», «Кер­без», «Шыңгырама» жана башкаларды чертүү менен, өзү да «Алагуштун камбаркан», «Алагуштун ботою», «Алагуштун кербези», «Алагуштун күүсү» жана башка ондогон күүлөрдү чыгарган. «Алагуштун терме­си» аттуу күүсү Ы. Тумановдун аткаруусунда Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиокорпорациясынын алтын казынасына жазылган жана кыргыз музыкасынын антологиясына кирген.