КЫДЫКЕЕВА
КЫДЫКЕЕВА Бакен [20. 10. 1923, Пишпекке (азыркы Бишкек ш.) жакын Төкөлдөш кыш. – 30. 12. 1994, Бишкек] – кино ж-а театр артисти, СССРдин эл арт. (1970), Кыргыз ССРининТоктогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1970). Чыг-лык жолун 1936-ж. Фрунзедеги жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. Ысык-Көл обл. (1941), Тянь-Шань р-ндук (1942-44) ж-а Кыргыз мамл. драма (1944-жылдан) театрында иштеген. К. ар түрдүү пландагы образдардын ички тереңдигине актёрдук талдоо жүргүзүп,

комедиялык, трагедиялык, оң, терс образдарды жарата алган кеңири диапазондуу артист болгон. Негизги ролдору: Жесси (К. Симонов, «Орус маселеси»), Бермет (К. Эшмамбетов, «Саринжи-Бөкөй»), Айганыш (К. Жантөшев, «Курманбек»), Анна (Л. Толстой, «Анна Каренина»), Любовь Яровая (К. Тренёв, «Любовь Яровая») ж. б. Дүйнөлүк ж-а орус классикасынын, кыргыз драматургиясынын чыгармаларындагы К. түзгөн Дездемона (У. Шекспир, «Отелло»), Катерина (А. Островский, «Добул»), Сейде (Ч. Айтматов, «Бетмебет»), Мария Александровна (И. Попов, «Үйбүлө»), эне (К. Чапек «Эне») ж. б. каармандардын образдары – кыргыз улуттук театрындагы актёрдук жогорку чеберчиликтин, психол. бийик реализмдин үлгүсү. К. комедиялык пландагы каармандардын образдарын жеткиликтүү даражада түзө билген. Мис., Мастан (А. Көбөгөнов, «Болот менен Тынар»), Айымбача (Т. Абдумомунов, «Жыгылган оогонго күлөт») ж. б. К. көп кырдуу турмуш чындыгын көркөм чагылдырууда

актёрдук чеберчилигин курчутуп, жеңилден оорго, жөнөкөйдөн татаалга жол издеген. Алгачкы кыргыз көркөм фильми «Салтанатта» Салтанаттын драмалык күчтүү образын түзүп, кыргыз киносунда чебердиктин үлгүсүн көрсөтүп, курч талантын таанытып, эл урматына ээ болгон. Кинодо о. эле Бурма («Токтогул», 1959), Райхан («Ашууда», 1961), Азиз эне («Тайгак кечүү», 1964), Кара катын («Биринчи мугалим», 1965), Хадиша («Караш-караш окуясы», 1969), Сейил («Көчө», 1972), Жеңе («Алымкан», 1972), Жайдар («Жаныбарым, Гүлсарым», 1972), Комиссар Алимова («Революциянын атчандары», 1973), Хадыйчахон («Жолугушуу жана ажырашуу», 1975) ж. б. каармандардын ролдорун аткарган. Азиз эненин («Тайгак кечүү»), Толгонайдын («Саманчынын жолу») ж-а Асылкан эне-

нин («Мекен баяны») образдарынын идеялык көркөмдүк сапатынын айкындыгы үчүн Бүткүл союздук (1965, 1968, 1977) кинофестивалдарда сыйлыктарга татыктуу болгон. Чыг-лыгынын кульминациясы – Толгонайдын татаал мүнөзүн түзүп, табигый табылгалар аркылуу сүрөттөө м-н бирге, канчалык кыйын абалда калса дагы турмуштан жакшылык күтүп, үмүт үзбөгөн эненин бийик касиеттерин биринчи планга алып чыккандыгы. Ал режиссёр катары А. Осмоновдун «Махабатын» койгон (1974). Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.