КЫДЫКЕЕВА
КЫДЫКЕЕВА Бакен [20. 10. 1923, Пишпекке (азыркы Бишкек шаары) жакын Төкөлдөш кыштагы – 30. 12. 1994, Бишкек] – кино жана театр артисти, СССРдин эл артисти (1970), Кыргыз ССРининТоктогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1970). Чыгармачылык жолун 1936-жылы Фрунзедеги жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. Ысык-Көл облусунун (1941), Тянь-Шань райондук (1942–1944) жана Кыргыз мамлекеттик драма (1944-жылдан) театрында иштеген. Б. Кыдыкеева ар түрдүү пландагы образдардын ички тереңдигине актёрдук талдоо жүргүзүп,

комедиялык, трагедиялык, оң, терс образдарды жарата алган кеңири диапазондуу артист болгон. Негизги ролдору: Жесси (К. Симонов, «Орус маселеси»), Бермет (К. Эшмамбетов, «Саринжи-Бөкөй»), Айганыш (К. Жантөшев, «Курманбек»), Анна (Л. Толстой, «Анна Каренина»), Любовь Яровая (К. Тренёв, «Любовь Яровая») жана башкалар. Дүйнөлүк жана орус классикасынын, кыргыз драматургиясынын чыгармаларындагы Кыдыкеева түзгөн Дездемона (У. Шекспир, «Отелло»), Катерина (А. Островский, «Добул»), Сейде (Ч. Айтматов, «Бетме-бет»), Мария Александровна (И. Попов, «Үй-бүлө»), эне (К. Чапек «Эне») жана башка каармандардын образдары – кыргыз улуттук театрындагы актёрдук жогорку чеберчиликтин, психологиялык бийик реализмдин үлгүсү. Кыдыкеева комедиялык пландагы каармандардын образдарын жеткиликтүү даражада түзө билген. Мисалы, Мастан (А. Көбөгөнов, «Болот менен Тынар»), Айымбача (Т. Абдумомунов, «Жыгылган оогонго күлөт») жана башкалар. Кыдыкеева көп кырдуу турмуш чындыгын көркөм чагылдырууда

актёрдук чеберчилигин курчутуп, жеңилден оорго, жөнөкөйдөн татаалга жол издеген. Алгачкы кыргыз көркөм тасмасы «Салтанатта» Салтанаттын драмалык күчтүү образын түзүп, кыргыз киносунда чебердиктин үлгүсүн көрсөтүп, курч талантын таанытып, эл урматына ээ болгон. Кинодо ошондой эле Бурма («Токтогул», 1959), Райхан («Ашууда», 1961), Азиз эне («Тайгак кечүү», 1964), Кара катын («Биринчи мугалим», 1965), Хадиша («Караш-караш окуясы», 1969), Сейил («Көчө», 1972), Жеңе («Алымкан», 1972), Жайдар («Жаныбарым, Гүлсарым», 1972), Комиссар Алимова («Революциянын атчандары», 1973), Хадыйчахон («Жолугушуу жана ажырашуу», 1975) жана башка каармандардын ролдорун аткарган. Азиз эненин («Тайгак кечүү»), Толгонайдын («Саманчынын жолу») жана Асылкан эненин («Мекен баяны») образдарынын идеялык көркөмдүк сапатынын айкындыгы үчүн

Бүткүл союздук (1965, 1968, 1977) кино фестивалдарда сыйлыктарга татыктуу болгон. Чыгармачылыгынын кульминациясы – Толгонайдын татаал мүнөзүн түзүп, табигый табылгалар аркылуу сүрөттөө менен бирге, канчалык кыйын абалда калса дагы турмуштан жакшылык күтүп, үмүт үзбөгөн эненин бийик касиеттерин биринчи планга алып чыккандыгы. Ал режиссёр катары А. Осмоновдун «Махабатын» койгон (1974). Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.