КЕН-ТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН-ТОО – Казакстандын түштүгүндөгү шаар.
Түш.-Казакстан обл-нун аймагында. Кара-Тоо кырка тоосунун батышында, Түркстан т. ж. бекетинен 40 км түн.-батышта жайгашкан. Кал­кы 61,0 миң (2009). Шаардын азыркы ордунда эл 13-к-да эле отурукташкан. Жез, күмүш ж-а коргошун казылып алынат. Шаар Кантаги, Мир­галимсай, Ачысай ж. б. шаарчалардын кошу­лушунан 1955-ж. пайда болгон. Түстүү металлур­гия (а. и. цинк з-ду), машина куруу ж-а металл иштетүү (экскаватор, трансформатор ж. б.), же­ңил (трикотаж, тигүү) ж-а тамак-аш (а. и. конди­тер азыктары), курулуш материалдар (темир-бе­тон конструкциясы) ө. ж. ж-а резина-тех. буюм­дар өндүрүшү иштейт. Цемент, кыш ж-а бетон з-ддору курулууда. Шаардын чет-жакасынан по­лиметалл кендери казылып алынат. К.-т-го жа­кын жерде Кара-Тоо коругу (2004; Батыш Теңир- Тоонун флорасы м-н фаунасы) уюштурулган.