КЕН-ТОО
КЕН-ТОО – Казакстандын түштүгүндөгү шаар. Түштүк-Казакстан облусунун аймагында. Кара-Тоо кырка тоосунун батышында, Түркстан темир жол бекетинен 40 км түндүк-батышта жайгашкан. Калкы 61,0 миң (2009). Шаардын азыркы ордунда эл 13-кылымда эле отурукташкан. Жез, күмүш ж-а коргошун казылып алынат. Шаар Кантаги, Миргалимсай, Ачысай ж. б. шаарчалардын кошулушунан 1955-жылы пайда болгон. Түстүү металлургия (анын ичинде цинк заводу), машина куруу ж-а металл иштетүү (экскаватор, трансформатор ж. б.), жеңил (трикотаж, тигүү) ж-а тамак-аш (анын ичинде кондитер азыктары), курулуш материалдар (темир-бетон конструкциясы) өнөр жайы ж-а резина-техникалык буюмдар өндүрүшү иштейт. Цемент, кыш ж-а бетон заводдору курулууда. Шаардын чет-жакасынан полиметалл кендери казылып алынат. Кен-Тоого жакын жерде Кара-Тоо коругу (2004; Батыш Теңир- Тоонун флорасы м-н фаунасы) уюштурулган.