КЕН СЫНОО
КЕН СЫНОО – казылып алынуучу кендердин касиеттери м-н сапатын аныктоо ыкмалары. Кендин хим. ж-а минералдык курамын, физ.- мех. касиеттерин, казылып алынышын, технол. жактан иштетүү, ылгоо өзгөчөлүктөрүн, өлчөмү м-н запасын аныктоо жолдору. Геофиз., минерал., хим., технол. ыкмалар колдонулат. Г е оф и з и к а л ы к ы к м а м-н кендин сапаты, кээде өлчөмү аныкталат. М и н е р а л о г и ял ы к ыкмада кендин ар кайсы жеринен сынамык алып, курамы, касиеттери, сапаты лабор. жол м-н изилденет. Катуу тектерден сынамык борозд, штуф, кырма, чукума, бургулоо ж-а дүң алынат. Кенташтагы баалуу кендин бардык өзгөчөлүктөрү текшерилет. Борозд түрүндө сынамык алуу кеңири колдонулат. Борозддун эни 5–20 см, тереңдиги 3–5 смге жетип, кенташтын туурасы б-ча жүргүзүлөт. Чегилип алынган материал сынамык болуп эсептелет. Борозддун уз. кенташтын туурасына жараша 1 мге жеткен бир нече сынамыктан турат. Салмагы бир нече гдан
(штуф) ондогон т га (технол. сынамык) жетет. Сынамыкты таш талкалоочу тегирменде упадай майдалайт. Анан атайын түзүлгөн схема б-ча бир нече жүздөгөн г үлгү алат. Аны изилдөө үчүн лабор-га жөнөтөт. К. с. кенди издеп чалгындоодо, экон. жактан баалоодо негизги ыкма болуп саналат.