КЕМЕРОВО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́МЕРОВО (1925–32-ж. Щ е г л о в с к) – Рос­сиядагы шаар. Кемеров обл-нун адм. борбору. Кузнецк Ала-Тоосунун этегинде, Томь д-на Искитим д. куя бериште жайгашкан. Калкы 520,0 миң (2008). Жол тоому. Т. ж. түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 1918-ж. Щеглов (1720-ж. негизделген) м-н Кемеров (1863) кыш­нын кошулушунан пайда болгон. Учурда Куз­нецк бассейниндеги маанилүү ө. ж. борбору. К-нун аймагында таш көмүр казылып алынат.
Ө. ж-нын негизги маанилүү тармактары: хим. («Химпром», «Азот» ж. б.), машина куруу (з-дору: хим. машина куруу, электр-тех., электр­кыймылдаткыч, «Кузбассэлектромотор», «Кеме­рово-химмаш» ж. б.), жеңил, тамак-аш, мебель ж-а курулуш материалдар («Кузбасскровля»), текстиль (жибек, тех. ж-а тиричиликке керектүү материалдар, «Ортон» ишканасы), «Сибирь мөмөлөрү» фирмасы (тоңдурулган козу карын, жашылча-жемиш). Ун-ттер (а. и. Кузбасс тех. ж. б.), мед. академия, 3 театр, филармония, цирк, музейлер (а. и. край таануу, көркөм сү­рөт) бар. «Красная Горка» музей-коругу уюшту­рулган.