КЕМЕРОВО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́МЕРОВО (1925–32-жылдарда Щ е г л о в с к) – Рос­сиядагы шаар. Кемеров облусунун административдик борбору. Кузнецк Ала-Тоосунун этегинде, Томь дарыясына Искитим дарыясы куя бериште жайгашкан. Калкы 542,9 миң (2025). Жол тоому. Темир жол түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 1918-жылы Щеглов (1720-жылы негизделген) м-н Кемеров (1863) кыш­тагынын кошулушунан пайда болгон. Учурда Куз­нецк бассейниндеги маанилүү өнөн жай борбору. Кемеровонун аймагында таш көмүр казылып алынат. Өнөр жайынын негизги маанилүү тармактары: химия («Химпром», «Азот» ж. б.), машина куруу (заводдору: химия, машина куруу, электр-техника, электр ­кыймылдаткыч, «Кузбассэлектромотор», «Кеме­рово-химмаш» ж. б.), жеңил, тамак-аш, мебель ж-а курулуш материалдар («Кузбасскровля»), текстиль (жибек, техникалык ж-а тиричиликке керектүү материалдар, «Ортон» ишканасы), «Сибирь мөмөлөрү» фирмасы (тоңдурулган козу карын, жашылча-жемиш). Университеттер (анын ичинде Кузбасс техникалык ж. б.), медициналык академия, 3 театр, филармония, цирк, музейлер (анын ичинде край таануу, көркөм сү­рөт) бар. «Красная Горка» музей-коругу уюшту­рулган.