КЕЛТЕ
КЕЛТЕ – Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нундагы кыштак. Т. Балтагулов атн. айыл округуна караштуу. Ала-Бука – Кербен автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1100 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ала-Бука кышнан 10 км түш.-чыгыш тарапта. Наманган т. ж. бекетинен (Өзбекстан) 61 км. Калкы 1401 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП бар. Май жуаз, тегирмен ж-а соода жайлары иштейт.