КЕЛТЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕЛТЕ – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Т. Балтагулов атындагы айыл округуна караштуу. Ала-Бука – Кербен автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1100 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ала-Бука кышнан 10 км түштүк-чыгыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен (Өзбекстан) 61 км. Калкы 1540 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП бар. Май жуаз, тегирмен ж-а соода жайлары иштейт.