КОММУНАЛДЫК МАШИНАЛАР
КОММУНАЛДЫК МАШИНАЛАР – эл жашаган аймактарды (шаар, кыштак), коомдук жайларды, имараттарды, кир кийимдерди хим. ж-а санит. жактан тазалоочу ар кандай машиналар. Имараттарды тазалоо, кир жууш үчүн пайдаланылуучу аз кубаттуулуктагы ж-а кичине габариттүү машиналар турмуш-тиричилик приборлоруна кирет (к. Кир жуугуч, Чаң соргуч). Шаар чарбасында тазалоо иштерин аткаруучу алгачкы К. м. 19-к-дын 2-жарымында пайда болгон. Калк отурукташкан аймакты са-

нит. тазалоо атайын ассенизация (зыянсыздандыруучу) машиналары, таштанды ташыгыч, ылай сордургуч (канализация кудуктарын тазалоочу) машиналар м-н, жыйнаштыруу иштери шыпыруучу, суу чачып жуучу машиналар, кар тазалагыч, кум чачкыч ж. б. м-н жүргүзүлөт. Ассенизациялоочу К. м-да цистерна, соруучу насос ж-а шланг орнотулуп, суюк ыпластарды сордуруп ташып кетет. Катуу таштандыларды ж-а тиричилик калдыктарын ташуучу К. м. кузовдуу ж-а контейнерлүү болот. Алар автоматтык түрдө таштандыны шыкоочу, жүктөөчү ж-а түшүрүүчү түзүлүштөр м-н жабдылат. Жайкысын тазалоо иштеринде (о. эле имараттын ичин тазалоодо) шыпыргыч, суу чачкыч, пол жуугуч, чаң соргуч, кышкысын кар шыпыргычтар, жүктөгүчтөр ж-а кум чачкыч ж. б. электрдик машиналар колдонулат. Ал эми хим. тазалоо иштеринде ар кандай мех. каражаттар, жуучу автоматтар пайдаланылат.