КОММУНАЛДЫК МАШИНАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОММУНАЛДЫК МАШИНАЛАР – эл жаша­ган аймактарды (шаар, кыштак), коомдук жай­ларды, имараттарды, кир кийимдерди химиялык жана санитардык жактан тазалоочу ар кандай маши­налар. Имараттарды тазалоо, кир жууш үчүн пайдаланылуучу аз кубаттуулуктагы жана кичи­не габариттүү машиналар турмуш-тиричилик приборлоруна кирет (к. Кир жуугуч, Чаң сор­гуч). Шаар чарбасында тазалоо иштерин атка­руучу алгачкы коммуналдык машиналар XIX кылымдын 2-жарымында пайда болгон. Калк отурукташкан аймакты санитардык

Коммуналдык машиналар: 1 – КО-812-1; 2 – вакуум машинасы КО-503В; 3 – таштанды ташыгыч (КО-440-7); 4 – МКМ-1903.

тазалоо атайын ассенизация (зыянсыздан­дыруучу) машиналары, таштанды ташыгыч, ылай сордургуч (канализация кудуктарын та­залоочу) машиналар менен, жыйнаштыруу иште­ри шыпыруучу, суу чачып жуучу машиналар, кар тазалагыч, кум чачкыч жана башкалар менен жүргүзүлөт. Ассенизациялоочу коммуналдык машиналарда цистерна, соруучу на­сос жана шланг орнотулуп, суюк ыпластарды сор­дуруп ташып кетет. Катуу таштандыларды жана тиричилик калдыктарын ташуучу коммуналдык машиналар кузов­дуу жана контейнерлүү болот. Алар автоматтык түрдө таштандыны шыкоочу, жүктөөчү жана түшүрүүчү түзүлүштөр менен жабдылат. Жайкы­сын тазалоо иштеринде (ошондой эле имараттын ичин тазалоодо) шыпыргыч, суу чачкыч, пол жуугуч, чаң соргуч, кышкысын кар шыпыргычтар, жүктөгүчтөр жана кум чачкыч жана башка электрдик машиналар колдонулат. Ал эми химиялык тазалоо иштеринде ар кандай механикалык каражаттар, жуучу автоматтар пайдаланылат.