КОМИКС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́МИКС (англ. comic – күлкүлүү) – бир окуяга байланышып, кыскача текст жазылган сүрөттөр сериясы. Заманбап К-тин баштоочусу деп швей­цариялык сүрөтчү Р. Тёпфер эсептелет. К. 19- к-дын аягында АКШда газета чыгаруунун өнүгү­шү м-н кеңири жайылып, 20-к-дын ортосунда К. «массалык маданияттын» эң кеңири тараган жанрларынын бирине айланган. К. дайыма классикалык, окуялуу, күлкүлүү ж-а фантасти­калык чыгармаларды жайылтууда колдонулган.
Учурда К. комедиялык мүнөзүн жоготуп, аны – кылмыш, согуш тууралуу «тири укмуштар» К-си, о. эле классиктердин чыгармаларын жөнө­көйлөтүүчү жалган тарыхый К. алмаштырды.