КОМИКС
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КО́МИКС (англисче comic – күлкүлүү) – бир окуяга байланышып, кыскача текст жазылган сүрөттөр сериясы. Заманбап комикстин баштоочусу деп швейцариялык сүрөтчү Р. Тёпфер эсептелет. Комикс XIX кылымдын аягында Америка Кошмо Штаттарында газета чыгаруунун өнүгүшү менен кеңири жайылып, XX кылымдын ортосунда комикс «массалык маданияттын» эң кеңири тараган жанрларынын бирине айланган. Комикс дайыма классикалык, окуялуу, күлкүлүү жана фантастикалык чыгармаларды жайылтууда колдонулган.
Учурда комикс комедиялык мүнөзүн жоготуп, аны – кылмыш, согуш тууралуу «тири укмуштар» комиксси, ошондой эле классиктердин чыгармаларын жөнөкөйлөтүүчү жалган тарыхый комикс. алмаштырды.