КОМЕДИЯЛУУЛУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМЕДИЯЛУУЛУК (гр. k–mikjs – көңүлдүү, күлкүлүү) – турмуш көрүнүштөрүнүн, адамдар­дын кулк-мүнөзүнүн күлкүлүү жактарын көрсө­түүчү эстет. категория. К. ар кандай турмуштук окуялардагы форма м-н мазмундун, жагдай м-н аракеттин ортосундагы дал келбестиктен пайда болот. Сатиралык К-та алдынкы эстет. идеяларга туура келбеген коомдун алга жылы­шына тоскоол болгон көрүнүштөр сынга алы­нат; юмордук К-та адамдардын мүнөзүндөгү, жү­рүм-турумундагы айрым көрүнүштөр тамаша, азил иретинде айтылат да, турмушту терең ж-а ар тараптан түшүнүүгө көмөктөшөт. К-тун са­тира, юмор, карикатура ж. б. түрлөрү бар.