КОЛО ДООРУНДАГЫ КӨРҮСТӨНДӨР
КОЛО ДООРУНДАГЫ КӨРҮСТӨНДӨР – б. з. ч. 2-миң жылдык – б. з. ч. 8-к-га таандык археол. эстеликтер. Көрүстөндөрдүн түзүлүшү, кошо коюлган буюмдардын баалуулугу ж-а көлөмү б-ча көмүлгөн адамдын мүлктүк же социалдык жактан айырмачылыгы баамдалат. Көрүстөндөрдө күлдүн ж-а адамдын өрттөлгөн сөөгүнүн кездешиши алардын диний ишениминде отко сыйынуу болгондугун айгинелейт. Адамды көмүү учурунда от колдонулуп, көрдүн тегерегинде диний ырымдар аткарылган. Сөөктү өрттөө м-н катар айрым көрүстөндөрдө сөөктү бүрүштүрүп, көрдүн сол капталына жаткызган учурлар да кездешет. Көрүстөндөрдөгү сөөктүн жанында күнүмдүк турмушта керектелүүчү буюмдардын бар экендиги (чопо идиштер, тамак-аш калдыктары, кооздуктар, курал-жарактар) ж-а көрдүн үй сымал түзүлүшү тиги дүйнөдө жашоо уланат деген ишенимдин болгондугун көрсөтөт. Көрдүн сыртындагы коргондун ичинен чопо идиштердин табылышы сөөктү койгондон кийин маркумду эскерүү, анын арбагына сыйынуу жөрөлгөсүнүн калыптангандыгын тастыктайт. Кырг-ндагы байыркы коло дооруна таандык эстелик – Ак-Суу чебинин калдыгы (б. з. ч. 15– 14-к.), коло доорунун эстеликтери – Арпа көрүстөнү, Пригородный айылына жакын жерде табылган көрүстөн, Таш-Төбө, Таш-Башат, Жазы-Кечүү, Тегирмен-Сай, Кулан-Сай, Кызыл- Сай, Жол-Арык ж. б. көрүстөндөр.