КОЛО ДООРУНДАГЫ КӨРҮСТӨНДӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛО ДООРУНДАГЫ КӨРҮСТӨНДӨР – биздин заманга чейинки 2-миң жылдык – биздин заманга чейинки VIII кылымга таандык археологиялык эстеликтер. Көрүстөндөрдүн түзүлүшү, кошо коюлган буюмдардын баалуулугу жана көлөмү боюнча көмүлгөн адамдын мүлктүк же социалдык жактан айырмачылыгы баамдалат. Көрүстөн­дөрдө күлдүн жана адамдын өрттөлгөн сөөгүнүн кездешиши алардын диний ишениминде отко сыйынуу болгондугун айгинелейт. Адамды көмүү учурунда от колдонулуп, көрдүн тегерегинде ди­ний ырымдар аткарылган. Сөөктү өрттөө менен катар айрым көрүстөндөрдө сөөктү бүрүштүрүп, көрдүн сол капталына жаткызган учурлар да кездешет. Көрүстөндөрдөгү сөөктүн жанында күнүмдүк турмушта керектелүүчү буюмдардын бар экендиги (чопо идиштер, тамак-аш калдык­тары, кооздуктар, курал-жарактар) жана көрдүн үй сымал түзүлүшү тиги дүйнөдө жашоо уланат деген ишенимдин болгондугун көрсөтөт. Көр­дүн сыртындагы коргондун ичинен чопо идиш­тердин табылышы сөөктү койгондон кийин маркумду эскерүү, анын арбагына сыйынуу жөрөлгөсүнүн калыптангандыгын тастыктайт. Кыргызстандагы байыркы коло дооруна таандык эстелик – Ак-Суу чебинин калдыгы (биздин заманга чейинки XV–XIV кылымдар), коло доорунун эстеликтери – Арпа кө­рүстөнү, Пригородный айылына жакын жерде табылган көрүстөн, Таш-Төбө, Таш-Башат, Жазы-Кечүү, Тегирмен-Сай, Кулан-Сай, Кызыл-Сай, Жол-Арык жана башка көрүстөндөр.