КЕКИЛИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:40, 14 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕКИЛИК (Alectoris kakelik) –

кыргоолдор ту­кумундагы илбээсин куш. Дене уз.ундугу 35 смге, сал­магы 400–700 гга чейин жетет. Жону боз, боор жагы саргыч боз, капталдарында туурасынан кеткен кара сызыктары бар. Тумшугу, буттары кызыл. Кекилик бөксө тоо, адыр­лардын сейрек бадалдуу таштак беттеринде жа­шайт. Евразия, Кавказ, Борбордук Азия, Түндук Казак­стан, Алтай ж. б. жерде кездешет. Кыргызстанда 2 түрү бар. Көмүскө жерге уялап, 24кө чейин жумурт­ка тууйт. 23–25 күн басып, балапан чыгарат.
Өсүмдүк уругу, жалбырагы, бүчүрү ж-а майда курт-кумурскалар м-н азыктанат. Кекиликтин эти даамдуу, ага аңчылык кылынат.