КОЖАКМЕТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖАКМЕТОВ Жакүл (24. 8. 1921, мурдагы Чүй обл., Кызыл-Аскер р-ну, Орто-Алыш кыш. – 30. 1975, Фрунзе)

– сүрөтчү, живописчи. Ленин­граддагы И. Репин атн. живопись, арх-ра ин­тун бүткөн (1953). Фрунзеде­ги сүрөт окуу жайында оку­туучу (1953–59, 1962–67), директ ор, Кыргыз ССР сүрөтчүлөр фондунун башкы сүрөтчүсү (1970–75) болуп иштеген. Чыг-лыгын 1950- жылдары респ. сүрөт көргөз­мөлөрүнө катышуу м-н баш­таган. К. негизинен темати­калык сүрөт жаатында иш­теп, тарыхый окуяларды да чагылдырган: «Фрунзенин отрядына карай» (1958), «Акыркылар» (1957), «Жумуштан кай­туу» (1952), «Балерина» (1957), «Чек арачылар»

Ж . К ож акме тов. «Балерина». 1958.


(1975) ж. б. К. чебер портретчи (Г. Айтиевдин, С. Каралаевдин портреттери, 1955; «Акындар», Г. Айтиев м-н бирге тарткан коллективдүү порт­рет, 1957) болгон. К-дун сүрөттөрү Кыргыз көр­көм сүрөт музейинде сакталуу. Медалдар м-н сыйланган.